Blog Image

Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин студенттери архив-музей практикасында

И.Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин 3-курсунун студенттери 5-6-семестрде ага окутуучу Идеат Темирбек уулу тарабынан өтүлгөн архив таануу жана музей таануу предметтеринин жыйынтыгы менен 2 жумалык архив-музей практикасына (өндүрүштүк) чыгышты.
Студенттер практиканы И.Арабаев атындагы КМУнун архиви менен музейинде өтүүдө. Азыркы мезгилде университеттин музейи жаңыдан түзүлүп, жакшыртылып жатат. Ал эми университеттин архивинде өткөн окуу жылында ремонт иштери  жүргүзүлгөндөн кийин документтерди тиешелүү тартипте иретке келтирүү иштерин жүргүзүү мерчемделген. Мындан улам, аталган факультеттин студенттерин университеттин архив-музей иштерине практика өтөөсү пландалган. Аларга архив иштери боюнча башкы архивист А.У.Асылбекова документтерди сактоо, алар менен иштөө эрежелерин түшүндүрүп, СЭОб-11-20 тайпасынын студенттерин тиешелүү иштерге бөлүштүрүп, архив иштерин үйрөтүү менен документтерди иретке келтирүүдө. Азыркы тапта университеттин архивинде миңдеген студенттердин документтери бар. Аларды 75 жыл бою сактоо милдеттүү. Студенттер өз кезегинде университеттин архивинде практика өтөө менен документтерди топтоо, илимий-маалымдагыч документтерин толтуруу, маркировкалоо, тиешелүү сактоо жайына жайгаштыруу менен өздөрүнүн бул тармактагы көндүмдөрүн калыптандырууда.
Ал эми университеттин музейине бөлүнгөн СЭОк-12-20 тайпасынын студенттери музейдин экспозициясын жакшыртуу, экспонаттарды каттоо, аларды маркировкалоо, иретке келтирүү, тазалоо иштери менен практикаларын өтөшүүдө. Студенттер музейдин ичинде сактоо, экспозицияга коюу, аларга тексттик материалдарды жазуу жана экскурсия өткөрүү көндүмдөрүн үйрөнүшүүдө. Университеттин музейи музей таануу предметин окуган студенттер үчүн жакшы лаборатория боло алды. Азыркы мезгилде профориентациялык иштердин алкагында университетке кононкко келген окуучуларга экскурсия өткөрүшүүдө. Архив таануу жана музей таануу предметтерин өткөндөн кийин факультеттин студенттери Ширин Алмазбек кызы жана Сталбек Бекболотов музей тармагына болгон кызыгууларынан улам, “Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде иштеп, практикаларын ошол жерде өтөп жатышат.