Blog Image

Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун студенттери И.Раззаковдун мемориалдык үй-музейине барышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун 3-курсунун студенттери 25-октябрда Исхак Раззаковдун туулган күнүнө карата Бишкек шаарындагы анын мемориалдык үй-музейине экскурсияга барышты. Экскурсия учурунда студенттерге тарых илимдеринин кандидаты, доцент Жамбила Самиева “Кыргызстан Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки мезгилде” темасында атайын баяндама жасап, Кыргызстандын өнүгүшүнө И. Раззаковдун кошкон салымын баса белгиледи. Ошондой эле, музейдин жетекчиси Арман Момаханова И. Раззаковдун артыкчылык сапаттарын, учкул сөздөрүнүн маанисин түшүндүрүп берди. 
Белгилүү болгондой, И. Раззаковдун кызы Эльмира Раззакова Кыргызстанга көчүп келип, ага Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кыргыз паспортун жана Бишкек шаарынан батир белек кылды. 
Студенттер музейге барып тарых сабагынан И. Раззаковдун мезгилиндеги өлкөнүн өнүгүшү боюнча көп маалыматтарды алып кайтышты.