Blog Image

Э.Ж.Маанаев атындагы тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун студенттерине ачык куратордук сааты өттү  

18-октябрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж.Маанаев атындагы тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун Жалпы тарых жана СЭУД кафедрасынын “Укук таануу” багытындагы 2-курсунун жана колледждин 1-курсунун студенттери Ата-Бейит мемориалдык комплексине барышты. 
Ачык куратордук саатында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата, улут катары калыптанып, мамлекеттүүлүгүбүздүн түптөлүшүндө жаратман инсандардын эмгеги тууралуу айтылды. Ошондой эле элибиздин басып өткөн жолун сый-урмат менен эскерип, тарыхтан сабак алып, учурдагы абалыбызга баа берип, андан туура жыйынтык чыгарып, келечекке бийик максаттарды коюп, өсүп келе жаткан жаштарга туура тарбия берүү керек экендиги баса белгиленди. 
Аны менен катар, “Өзүңдүн СТАРТАПыңды түз" пландын негизинде өзүңдүн кызматыңды көрсөтүү максатында “Ата бабалардын жолу менен”аттуу Кыргызстандын тарыхый жерлерин жана белгилүү инсандардын өмүр жолу, ишмердүүлүгүн келечек муунга таныштыруу максатында болгондуктан иш чара жогорку денгээлде болду.