Blog Image

Э.Ж.Маанаев атындагы ТСУББИ директору Ч. Койчуманова Москвада өткөн эл аралык конференцияга катышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору, КР УИАнын мүчө-корреспонденти Чолпон Койчуманова Москва шаарында өткөн “Улуу Ата Мекендик жана экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы” аталышындагы эл аралык илимий конференцияга катышты.

Иш-чара Россия илимдер академиясынын Жалпы тарых институту тарабынан уюштурулуп, КМШ, Европа, Азия, Африка, Түндүк жана Түштүк Америка өлкөлөрүнүн изилдөөчүлөрү катышты.

Конференциянын жүрүшүндө “Тарых илиминин теориясы жана методологиясы” аталышындагы терминдер сөздүгүнүн бет ачары өтүп, согуш тарыхы, тарыхый мурастын мааниси жана патриоттук тарбия маселелери талкууланды.