Blog Image

Э.Ж.Маанаев атындагы ТСУББИде метод-семинарда эмпирикалык, теориялык, жалпы логикалык методдор каралды

15-январда Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунда бекитилген метод-семинарлардын графигинин негизине ылайык тарых илимдеринин кандидаты, доцент Г.К.Жыргалбекова жана доцент К.А.Курманалиев “Социалдык-экономикалык билимдерди окутуунун теориялык-методологиялык негиздери предмети боюнча компьютердик технологияларды колдонуунун жолдору» аталышында семинар ѳтүштү. Семинарда эмпирикалык, теориялык, жалпы логикалык методдор каралды жана сабакта компьютердик технологияларды колдонуунун жолдору кеңири талданды.