Blog Image

Э.Ж.Маанаев атындагы ТСУББИнин директору Ч.Койчуманова X Петербург эл аралык маданият форумуна катышты

12-14-сентябрь күндөрү Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору, КР УИАнын мүчө-корреспонденти Чолпон Койчуманова Санкт-Петербург шаарында өткөн “Улуттук маданияттардын тарыхый формациялары: көп полярдуу дүйнөдө мурастык укуктар” Х Эл аралык маданият форумуна катышты.

Профессор Ч.Койчуманова “Тарыхый мурастарды сактоодо жана жеткирүүдөгү гуманитардык билимдин ролу жана негизги эмес, тарыхый эмес адистиктердин студенттери үчүн тарых курсунун зарылдыгы жөнүндө” доклад жасады.