Blog Image

Э. Ж.Маанаев атындагы ТСУББИнин доценти Салтанат Асекова Талас мамлекеттик университетинде өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты

24-май күнү И. Арабаев атындагы КМУнун Э. Ж.Маанаев атындагы ТСУББИнин доценти Салтанат Асекова Талас мамлекеттик университетинде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата өткөрулгөн "Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн эгемендүүлүгү, аймактарды өнүктүрүүдөгү заманбап билим берүүнүн жана илимдин орду" аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы ТСУББИнин доценти Салтанат Асекова “Эскерүү китеби” ( 1920-1953-жылдары Талас облусундагы саясий репрессиянын курмандыктары)" аталышындагы жаңы китептин бет ачары менен тааныштырып, китептин жарык көрүү максаты жана мазмуну жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле, КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы ТСУББИнин 4-курсунун студенти Айжаркын Самыйбекова “Кыргызстандан репрессияланган билим берүүнүн өкүлдөрү (1920-1953-жж.)” темасында баяндама жасады.