Blog Image

Э.Ж.Маанаев атындагы ТСУББИнин студенттери Конрад Аденауэр фондунун координаторлору менен жолугушуусу өттү

31-май күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун студенттеринин Конрад Аденауэр фондунун координаторлору менен жолугушуусу өттү. Анда, Конрад Аденауэр фондунун Борбордук Азия боюнча аймактык өкүлү Андре Алгермиссен келди.

Э.Ж.Маанаев атындагы ТСУББИнин директору, т.и.д., КР УИА мүчө-корреспонденти, профессор Чолпон Койчуманова фонддун Кыргызстандагы ишмердүүлүгү боюнча тааныштырды. Андан соӊ, Андре Алгермиссен «Германиянын билим берүү системасы жана чет элдик студенттер үчүн Германияда билим алуу мүмкүнчүлүктөрү» темасында лекция окуп, анда Германиянын ЖОЖдоруна магистратура, докторантура боюнча стипендиялык окууларга тапшыруу тууралуу кеӊири маалымат берди. Лекциядан кийин студенттер кызыккан суроолоруна жооп алды.

Лекциядан кийин, Конрад Аденауэр фондунун SUR-PLACE стипендиаттары менен жолугушуу өттү. Профессор Чолпон Койчуманова «Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарындагы диний толеранттуулук» темасында лекция окуп, Конрад Аденауэр фонду менен биргеликте илимий-изилдөө иштеринин натыйжасында жарык көргөн «Кыргызстандын жаштары бүгүн жана келечекте» аттуу монографиясын фонддун стипендиаттарына белекке берди.

Эске салсак, аталган фонд Германиянын ЖОЖдоруна гана стипендиялык окууларды уюштурбастан, жергиликтүү окуу жайларда окуган дилгир студенттерге да жарым жылдык, бир жылдык стипендия берип келет.