Blog Image

Э.Ж.Маанаев атындагы ТСУББИнин окутуучулары жана студенттери «Кыргызстандын Ленинград эпопеясы: келечек үчүн сабактар» аталышындагы конференцияга катышты

Б.Ельцин атындагы КРСУ жана И.Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту (ТСУББИ) биргеликте «Кыргызстандын Ленинград эпопеясы: келечек үчүн сабактар» аталышындагы конференция өткөрдү. Ага Ленинград блокадасынан аман калгандар, окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын окутуучулары жана студенттери катышты.
Иш-чара Б.Ельцин атындагы КРСУда өтүп, тематикалык көргөзмө уюштурулган.
Конференцияга КРСУнун ректорунун кеңешчиси Леонид Сумароков, Россотрудничествонун өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев,  Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору Чолпон Койчуманова катышышты.
Ошондой эле конференцияга катышкан ТСУББИнин окутуучулары жана студенттери баяндамаларында кыргызстандыктардын II дүйнөлүк согуштагы каармандыктарын, алардын Улуу Жеңишке кошкон баа жеткис салымы жана курчоодо калган Ленинград шаарына жана жашоочуларына көрсөткөн жардамы белгиленди.