ЭАЖМК бөлүмүнүн башчысы Э.Сатыбекова "Евразия – салттуу баалуулуктардын аймагы" эл аралык форумуна катышууда
И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун эл аралык журналистика жана медиа коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Эльвира Сатыбекова 10, 11-апрель кундорү "Россия" улуттук борборунда (Москва, Россия) өтүп жаткан "Евразия – салттуу баалуулуктардын аймагы" эл аралык форумуна катышууда.
Э.Сатыбекова "Евразиянын билим берүү мейкиндигинин биримдиги" аталышында баяндама жасайт.
Форумдун ишине мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илимий жана билим берүү коомчулугунун, маданият жана искусствонун өкүлдөрү катышууда.
Форумда маданий мурастарды сактоонун, руханий-адеп-ахлактык багыттарды чыңдоонун жана салттуу баалуулуктардын негизинде келечекти калыптандыруунун негизги маселелери талкууланууда.