Blog Image

«Экобокс» стартап долбоору

2022-11-10
И. Арабаев атындагы КМУнун Японтаануу институтунун студенттери макулатура чогултуу боюнча  өздөрүнүн алгачкы «Экобокс» стартап долбоорун ишке киргизишти. Аталган долбоордо университеттин администрациясында, факультеттерде экобоксторду (сыйымдуулугу 40 кг чейинки кутулар) орнотуу каралган. Экобокстор колдонулган кеңсе кагаздарын, эски журналдарды, китептерди, гезиттерди ж.б. чогултууга багытталган. Долбоорду ишке ашырган студенттер чогулган макулатураны алмаштырууда акчалай сыйлык алышат. Аталган студенттер жакынкы аралыкта желим бөтөлкөлөрдү жана электрондук таштандыларды чогултуу үчүн эко кутучалардын башка түрлөрүн ишке киргизүүнү пландап жатышат.
Долбоордун ишке кириши менен университет экологияны сактоого өз салымын кошуп, И.Арабаев атындагы КМУнун студенттеринин жана жалпы Кыргызстандын жаштарынын экологиялык маданиятын өнүктүрүүгө көмөктөшүүдө.
Ошондой эле университеттин администрациясы макулатуранын көлөмүн азайтуу, акырындык менен санариптик форматка өтүү багытында жигердүү иштерди аткарууда.