Blog Image

«Экология жана адамдын саламаттыгы» аттуу илимий ийрим өттү

17-майда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Биология жана химия факультетинин биология багытында окуган 1-курстун студенттерине «Экология жана адамдын саламаттыгы» аталышында илимий ийрим болуп өттү. Анда экологиялык көйгөй жараткан желим буюмдардын адамдын ден соолугуна тийгизген таасирин аныктоо жана  бул маселени чечүү жолдору тууралуу ойлорду калыптандыруу маселелери талкууланды. Белгилей кетсек, студенттер буга чейин Бишкек шаарындагы №42 орто билим берүү мектебинин 9-10-11-класстарынын  окуучулары менен аталган темада илимий иш-чара жүргүзүшкөн. Ага ылайык,  желим буюмдарын туура колдонуунун жолдорун табуу үчүн кездемеден жасалган баштыктарды тигип келгендерин билдирип, бир катар сунуштарды айтышты. Бул илимий ийримди Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын ага окуутучусу Нурифер Ниязова жетектеген.