Blog Image

Экономика жана менеджмент институтунда Казакстандын алдыңкы университеттери менен түзүлгөн эки тараптуу келишимдердин бет ачары болуп өттү

18-октябрда И.Арабаев атындагы КМУнун Экономика жана менеджмент институтунун 2-3-курстарынын студенттери үчүн студенттердин академиялык мобилдүүлүгүнүн алкагында Казакстандын алдыңкы ЖОЖдору менен түзүлгөн эки тараптуу келишимдер боюнча презентация болуп өттү. Бул иш-чарада Л.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин (Астана) академиялык мобилдүүлүк программасын аяктаган студенттер да сөз сүйлөп, студенттердин суроолоруна жооп беришти.