Blog Image

Экономика жана менеджмент институтунда “Салыктык отчеттуулукту түзүүгө талаптар” аталышында конок лекция өттү

И.Арабаев атындагы КМУнун Экономика жана менеджмент институтунда «ЭмСиЭй» ЖЧКнын башкы бухгалтери Ш.А. Халилова “Салыктык отчеттуулукту түзүүгө талаптар” аталышында конок-лекция өттү. Лекцияга университеттин Гуманитардык-педагогикалык колледжинин студенттери чакыртылган.
Ш.Халилова отчеттуулуктун тартиби, салык салуунун негизги түшүнүктөрү, салыктардын функциялары жана ролу жөнүндө айтып берди. Жана ошондой эле бухгалтердик эсепти жана салыктык отчеттуулукту түзүү, ар кандай коммерциялык уюмдун бухгалтердик кызматынын ажырагыс бөлүгү экендигин белгиледи.
Лекциянын жүрүшүндө студенттер отчеттуулуктун мөөнөттөрү жана салык отчетун түзүүдөгү каталар боюнча суроолорду талкуулай алышты. Конок-лекция жогорку профессионалдык деңгээлде өттү.