Blog Image

Экономика жана менеджмент институтунда Студенттер күнүнө карата «Күзгү бал» майрамдык иш-чара өттү 

23 ноябрда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Экономика жана менеджмент институтунда Фундаменталдык жана прикладдык лингвистика кафедрасынын ага окутуучусу,  А.Н.Бейшеналиеванын жетекчилиги астында  студенттер күнүнө карата «Күзгү бал» аттуу майрамдык иш-чара өткөрүлдү. 
Аталган маданий иш-чаранын максаты: поэзия, музыка, бий аркылуу жаштардын эстетикалык табитин сулуулукка, жаратылыш менен гармонияда болууга, Мекенге болгон сүйүү сезимин тарбиялоо. 
Программада студенттер арасында төмөнкү кароо сынактар болду: 
англис тилинде күз мезгили жөнүндө баяндоо, англис тилинде ыр аткаруу; дубал газетасын чыгаруу; студенттердин кол эмгеги менен жасалган кийим көргөзмөсү; тамак-аш сынагы; англис тилинде ар кандай жомоктордон үзүндүлөр аткаруу.
Студенттерге иш-чарада шыктануу жана кубаныч тартууланды.