Blog Image

Экономика жана менеджмент институтунда “Өзүңдүн СТАРТАПыңды түз” интеллектуалдык бизнес-оюну болуп өттү

18-октябрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Экономика жана менеджмент институтунун улук окутуучулары Ж.О.Албанбаева жана Ж.Ж. Амеркулова 1-курстун студенттери менен «Адистикке киришүү» дисциплинасы боюнча «Өзүңдүн СТАРТАПыңды түз» интеллектуалдык бизнес-оюнун өткөрдү. 
Бизнес-оюндун максаты: Сиздин (стартап) товарыңызды (продукцияңызды, кызматыңызды) Кыргызстандын рыногунда жылдыруу үчүн сунуштоо.
Бизнес-оюн жогорку деңгээлде, сергек атаандаштык жана чыгармачыл шартында өттү.