Blog Image

Экономика жана менеджмент институтунда Жашыл экономика маселелери боюнча эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө

6-ноябрь күну И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Жашыл экономика, менеджмент, илим жана билим берүү: глобалдаштыруу жана санариптик трансформация шартында туруктуу өнүгүүнүн көйгөйлөрү жана келечеги» аталышында эл аралык илимий-практикалык конференциясы өз ишин баштады.

Конференцияга Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун окуу иштери боюнча проректору Раушанбек Зайниев, илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, КМУнун профессордук-окутуучулук курамы катышып, университетте жашыл экономикага айрыкча көңүл бөлүнүп жатканын баса белгилешти.

Иш-чарага Экономика жана менеджмент институтунун түзүүчүсү, э.и.к., профессор Феликс Турдукулов, КР эмгек сиңирген экономист, э.и.к., доцент Анвар Абдраев, “Камсыздоо фонду” ААК Башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров, "Бухгалтердик эсепти жана аудитти өнүктүрүү институту" коомдук бирикмесинин президенти, ю.и.к., доцент Каныбек Садыковдор илимий-практикалык конференциянын актуалдуулугун белгилеп, катышуучуларга илимий ишмердүүлүгүндө талыкпастык жана ийгиликтерди каалап кетишти.