Экономика жана менеджмент институтунда Жашыл экономика маселелери боюнча эл аралык илимий-практикалык конференция өттү
6-ноябрь күну Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Жашыл экономика, менеджмент, илим жана билим берүү: глобалдаштыруу жана санариптик трансформация шартында туруктуу өнүгүүнүн көйгөйлөрү жана келечеги» аталышында эл аралык илимий-практикалык конференциясы өттү.
Эл аралык илимий-практикалык конференция онлайн жана офлайн форматында өтүп, анда Кыргызстан, Казакстан, Беларусь жана Россиянын окумуштуулары илимий баяндамаларын жасашты.
Иш-чарага Экономика жана менеджмент институтунун түзүүчүсү, э.и.к., профессор Феликс Турдукулов, КР эмгек сиңирген экономист, э.и.к., доцент Анвар Абдраев, “Камсыздоо фонду” ААК Башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров, "Бухгалтердик эсепти жана аудитти өнүктүрүү институту" коомдук бирикмесинин президенти, ю.и.к., доцент Каныбек Садыковдор илимий-практикалык конференциянын актуалдуулугун белгилеп, катышуучуларга илимий ишмердүүлүгүндө талыкпастык жана ийгиликтерди каалап кетишти.
Илимий-практикалык конференциянын пленардык отурумунда э.и.д., профессор Эльдар Самигуллин – «О необходимости научной теории в развитии экономики КР»; э.и.д., профессор, Ж.Баласагын атындагы КУУ Менеджмент жана бизнес институтунун “Менеджмент” программасынын жетекчиси Нелли Акылбекова – «Влияние факторов окружающей среды на развитие человеческого капитала», э.и.д., профессор Рустам Асизбаев – «Аттестация научных и научно-педагогических кадров в современных условиях»; э.и.д., профессор Азисбек Бексултанов - «Ишканалардагы экономикалык коопсуздуктун негиздери»; э.и.к., доцент Валерий Бороденя – «Реализация Целей устойчивого развития в Республике Беларусь»; э.и.д., профессор, КР УИА мүчө-корреспонденти Мээрим Койчуева – «Актуальность междисциплинарных исследований»; КР эмгек сиңирген экономист, э.и.д., профессор Айганыш Саякбаева «Развитие организаций образования и их инклюзивность в Кыргызской Республике: социально- экономический и правовой аспект дошкольных и общеобразовательных организаций в гендерном разрезе»; БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын кызматкери Айбек Турдукулов – “Новые технологии и кибермошенничество” баяндамаларын жасашты.
Конференциянын иши төмөнкү 3 секцияда ишин улантты.
1-секция. Жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү:
"Глобалдык экономикалык тенденциялар жана алардын туруктуулукка тийгизген таасири"
“Жашыл экономикадагы инновация жана заманбап ишкердүүлүк”
2-секция. Менеджмент жана лидерлик:
«Жашыл экономикада стратегиялык башкаруу»
"Туруктуулукту камсыз кылуу үчүн жашыл экономикадагы ресурстарды жана уюмдарды башкаруу"
3-секция. Билим берүү жана окутуу:
“Билим берүүдөгү санариптик технологиялар: заманбап ыкмалар жана усулдар”
«Туруктуу келечек үчүн окутуу: билим берүүнүн ролу жана орду»