Blog Image

Экономика жана менеджмент институтунда жумуш берүүчүлөр менен жолугушуу өттү

И.Арабаев атындагы КМУнун Экономика жана менеджмент институтунун директору Калыбек Абдыкадыровдун жана директордун окуу иштери боюнча орун басары Жылдыз Албанбаеванын жетекчилигинде жумуш берүүчүлөр менен жолугушуу өтүп, жыйынга институттун мурдагы бүтүрүүчүлөрү да катышты.
Университет менен жумуш берүүчүлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүү университеттин ишинин сапатынын жана ишенимдүүлүгүнүн маанилүү көрсөткүчү, билим берүү жана эмгек рыногунда анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн маанилүү критерийлеринин бирине айланууда. Уюмдардын өкүлдөрү менен Экономика жана менеджмент институтунун ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелерине арналган тегерек столго «Керемет Банк» ААК Башкармалыгынын төрагасынын орун басары Руслан Султанов, Мамлекеттик салык кызматынын Аламудун району боюнча башкармалыгынын салыктар жана жыйымдар бөлүмүнүн башчысы Азамат Абдрашитов ошондой эле ар кандай уюмдардын жетекчилери катышты.
Тегерек столдогу маек жандуу жана окуяларга бай болду. Ар бир катышуучу өз оюн, сунуштарын айтууга аракет кылышты.
Тегерек столдун жүрүшүндө жмуш берүүчүлөр бир нече маанилүү ойлорду ортого салышты. Алар, практиканын учурдагы узактыгы студенттин кандайдыр бир практикалык көндүмдөрдү алуусу үчүн жетишсиз; студенттин профессионалдык өзүн өзү аныктоосу маанилүү роль ойнойт – аны кесипке жогорку курстарда эмес, окуунун башталышында дароо тааныштыруу керек, студент бул анын кесиби же жокпу, дароо түшүнүшү үчүн жана биринчиден, өз убактысын текке кетирбөө үчүн; башталгыч деңгээлдеги студенттер үчүн ишканага окуу турларын уюштуруу.
Жыйындын соңунда ЭМИнин жетекчилиги жана профессордук-окутуучулук курамы кызматташууну кеңейтүү боюнча жумуш берүүчүлөр жана кызматкерлер үчүн конок-лекцияларын уюштуруу, мекемелерге экскурсияга баруу, стажировкадан өтүү жана ишке орноштуруу келишимин түзүү сыяктуу варианттарды сунушташты.