Blog Image

«Экономика, менеджмент, илим жана билим берүү: глобалдаштыруу жана санариптештирүү шарттарындагы чакырыктар жана туруктуу өнүгүүнүн перспективалары» эл аралык илимий-практикалык конференциясы

24-ноябрда И.Арабаев атындагы КМУда Экономика жана менеджмент институтунун 25 жылдыгына карата “Экономика, менеджмент, илим жана билим берүү: глобалдашуу жана санариптештирүү шартында туруктуу өнүгүүнүн чакырыктары жана келечеги” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Эл аралык илимий-практикалык конференциянын максаты бул глобалдашуу жана санариптештирүү шартында экономика, менеджмент, илим жана билим берүү тармагындагы талкуу жана изилдөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле бул тармактарда туруктуу өнүгүүгө жетишүүнүн келечектүү жолдорун издөө болду.

И.Арабаев атындагы КМУнун окуу иштери боюнча проректору, техника илимдеринин доктору, профессор Талантбек Курманбек уулу өз сөзүндө Экономика жана менеджмент институтунун демилгечилери жана негиздөөчүлөрү Феликс Законович менен Эльмира Рафаильевна Турдукуловдорду сый-урматын билдирип, алардын ак ниет эмгеги үчүн алкыш айтты. Ал ошондой эле институттун профессордук-окутуучулар жамаатына чыгармачылык ийгиликтерди жана оптимизмди каалады.

Экономика жана башкаруу институтунун директору, экономика илимдеринин кандидаты, профессордун м.а. Калыбек Абдыкадыров конференциянын катышуучуларына ыраазычылык билдирип, жемиштүү иш жана чыгармачылык маанай каалады.

Иш-чарага “Кыргызстан банктар союзу” АКБнын президенти Анвар Абдраев, “Кепилдик фонду” ААК башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров катышып, экономика тармагында квалификациялуу адистерди даярдап жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, атап айтканда банк сектору жана көп жылдык кызматташуусу үчүн ыраазычылык каттарын тапшырышты. Экономика илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын мүчө-корреспонденти Мээрим Койчуева куттуктоо сөзүндө жаш муундарды тарбиялоодо институттун ишмердүүлүгүнө мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Пленардык отурумда экономика илимдеринин доктору, проф. А.А.Саякбаева, э.и.д., проф. А.А.Көчөрбаева, э.и.д., проф. Э.В.Самигуллин, э.и.д., проф. А.А.Ботобеков, э.и.д., проф. Н.И.Акылбекова, э.и.д., проф. А.А.Бексултановдордун докладдары угулду. КРнын санариптик экономикасын жана тышкы соода байланыштарын өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү жана перспективалары, ошондой эле КРнын экономикасын санариптештирүү шартында бухгалтердик эсепти өнүктүрүү боюнча докладдар чоң кызыгууну жаратты.

Жалпысынан конференциянын жүрүшүндө 80ден ашык доклад угулду.

Конференциянын модераторлору баяндамалардын жогорку деңгээлин жана катышуучулардын экономиканын, менеджменттин, илимдин жана билим берүүнүн актуалдуу проблемаларына кызыгуусун белгилешти.

Конференцияда университеттин ректораты тарабынан даярдалган сыйлыктар менен катар, окуу жайдын бириккен профсоюздук уюмунун төрагасы Назар Догдурбек ЭИМдин профсоюз уюмунун мүчөлөрү, коомдук иштерге зор салымдарын кошуп жаткан кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин ишмердүүлүгүн жакшыртууга кошкон олуттуу салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгектери үчүн Ардак грамотасын Э.Р. Турдукуловага, Ж.О. Албанбаевага, университеттин профсоюздук уюмунун Ардак грамотасын Ж.Дж.Амеркуловага, Шайлообек уулу Бактыярга тапшырды.

Конференция сертификаттарды тапшыруу менен аяктады.