Blog Image

Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн өкүлдөрү дүйнөлүк ЖОЖдордун рейтингине кирүүнү жайылтууга багытталан семинарга катышып келишти

12-майда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Бөрүбаева А.Б., аспирантура, докторантура жана PhD докторантура бөлүмүнүн башчысы Чалданбаева А.К. жана илимий-инновациялык бөлүмүнүн башчысы Алкадырова Ч.М. Улуу Британиянын Quacquarellu Symonds - QS уюмунун маалыматы боюнча дүйнөлүк университеттердин рейтингине кирүү тажрыйбасын жайылтуу максатында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин базасында Эразмус+ кеңсеси тарабынан уюштурулган семинарга катышты.

Семинардын жүрүшүндө дүйнөлүк (глобалдык) жана региондук деңгээлдеги университеттердин рейтингинин ар кандай түрлөрү, бул рейтингдерге катышууга коюлган талаптар, максаттуу индикаторлорго жетүү ыкмалары сунушталды. Рейтингди ыйгарууда Scopus жана WoS маалымат базасына кирген журналдарда жарыяланган илимий макалалардын сапатына жараша илимий изилдөөлөргө өзгөчө көңүл бурулган.

Презентация учурунда кызуу талкуу жаралып, катышуучулардын суроо жооптору менен коштолду.

Семинарга И.Раззаков атындагы КТУ, Дыйканбаев атындагы Дипломатиялык академия, Ж.Баласагын атындагы КУУ жана башка жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү чакырылган.