Эл аралык эне тил күнүнө карата маданий иш-чара
21-февраль - Эл аралык эне тил күнүнө карата Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинде англис тили боюнча маданий иш-чара өткөрүлдү. Ага факультеттин окутуучулары жана 1-2-курстун студенттери катышышты.
Тил үйрөнүүгө шыктандыруу үчүн өткөрүлүп жаткан бул иш-чарада студенттер тарабынан жеке номерлер, сценка жана бийлер тартууланды.