Blog Image

Эл аралык эне тил күнүнө карата түрк тили боюнча “Тилибиз биздин байлыгыбыз” аттуу иш-чара өткөрүлдү

Бүгүн, 15-февралда Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин Чыгыш тилдери кафедрасы тарабынан эл аралык эне тил күнүнө карата түрк тили боюнча “Тилибиз биздин байлыгыбыз” аттуу маданий иш-чара өткөрүлдү. 

Иш-чараны университеттин Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы куттуктоо сөзү менен ачып берди.

Андан соң, түрк маданияты жана тарыхын камтыган презентация көрсөтүлдү. 

Студенттер түрк элинин улуттук ыр-бийлерин тартуулап, котормочулук кесиптин өзгөчөлүгүн чагылдырган “Туура котормонун маанисин билесиңби?” аттуу сахналаштырылган сценканы коюп беришти.     

Иш-чаранын максаты эки өлкөнүн достук мамилесин даңазалоо, студенттердин экинчи тил катары үйрөнүп жаткан мыкты өздөштүрүүгө шыктандыруу ошондой эле Түркияда болуп өткөн зилзаладан улам боордоштордун аза кайгысын тең бөлүшүү болуп саналат.