Blog Image

Эл аралык химиктер күнүнө арналган “Элементтер парады” өттү

28-апрелде И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Биология жана химия факультетинде Эл аралык химиктер күнүнө арналган “Элементтер парады” болуп өттү. Иш-чара Химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын ага окутуучусу Гулина Сатывалдиева жана окутуучу Сыргакбек кызы Динаранын жетекчилиги менен “Табигый-илимий билим берүү” багытынын “Химия” профилинин 2-3-курстарынын студенттери тарабынан уюштурулган. 
"Элементтер парадында" студенттер химиялык элементтердин катышуусунда ар кандай химиялык реакцияларды жүргүзүп, презентациялашты. Мындан сырткары катышуучулар менен викторина оюндары ойнолуп, студенттердин кол өнөрчүлүктөрүнүн көргөзмөсү  көрүүчүлөрдун кызыгуусун арттырды.

Позвонить