Blog Image

Эл аралык инженердик жана технология университети (Казакстан Республикасы) менен биргеликте билим берүү тармагындагы жаңы багыттар

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айсулу Бейшенова Казакстан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Эл аралык инженердик-технологиялык университетине (МИТУ) барып, анын иши менен таанышты. Окуу жайдын окуу жана илимий ишмердүүлүгү менен кеңири таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, университеттин эл аралык бөлүмү жана университеттин түрдүү бөлүмдөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү. 
Иш-чаранын жыйынтыгында биргелешкен долбоорлордун, PhD магистранттарын жана докторанттарын даярдоонун жана биргелешкен/кош дипломдук билим берүү программаларын ишке ашыруунун алкагында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.