Blog Image

Эл аралык студенттер күнү

2022-11-18

17-ноябрда И.Арабаев атындагы КМУ тарабынан Эл аралык студенттер күнүнө жана студенттердин катарына кабыл алууга арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Аталган салтанатка университеттин ректору Айгүл Абдраева, проректорлор, курам жетекчилери, профессордук окутуучулук курам жана студенттер катышышты.

Иш чарада ректор куттуктоо сөз сүйлөп, окуудагы жетишкендиги жана коомдук иштерге жигердүү катышкандыгы үчүн алдыңкы студенттерге стипендия жана ардак грамоталарды тапшырды.

Ошондой эле, бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө карата жарыяланган “Студенттер үчүн сүрөт аянтчасы” сынагынын жеңүүчүлөрү, Исскуство жана дизайн факультетинин студенттери Нуркулова Мактымкан жана Акматкулов Нурелес 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө акчалай сыйлык жана университеттин ардак грамотасын алышты.

Бүтүрүүчү курстун студенттери биринчи курстун студенттерине салтка айланган “алтын ачкыч”, студент билет жана сынак китепчесин салтанаттуу түрдө өткөрүп беришти.

Иш чара студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен уланды. Майрамдык маанай кыргыз эстрада жылдыздарынын ырлары менен коштолду