Blog Image

Эл аралык тренер, ага окутуучу Элмира Турсунова студенттерге “Сүйлөө маданияты” аттуу темада мастер класс өттү

13-сентябрда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун биринчи курстары менен Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмери, профессор Кеңеш Тилекеев жана эл аралык тренер, ага окутуучу Элмира Турсунова жолугушту. Аларды аталган институттун директору, доцент Гүлзат Казиева кабыл алып, ыразычылык билдирди. Элмира Турсунова студенттерге “Сүйлөө маданияты” аттуу темада мастер класс өттү. Жыйынтыгында активдүү катышкан студенттерге китептерди белек кылды.