“Enactus КМУнун” вице-капитаны Алина Кенжебек кызы "Жайкы лагерь – 2024” катышты
И.Арабаев атындагы КМУнун Enactus командасынын вице-капитаны жана академиялык кеңешчиси, Ш.Кадырова атындагы ДТЭМИнин студенти Алина Кенжебек кызы 3 күндүк жайкы окуу лагерине катышты. Жайкы лагерь 27-29-август күндөрү Ысык-Көл районунун Бостери айылында «Enactus Kyrgyzstan» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өттү.
“Жайкы лагерь – 2024” бүт өлкө боюнча университеттердин командаларын чогултуп, аларга жаңы окуу жылына даярданууга жана инновациялык долбоорлорду иштеп чыгууда өз чеберчиликтерин көрсөтүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк берди.
Жайкы лагердин максаты – бул Enactus командаларынын арасында тажрыйба жана мыкты практика алмашуу үчүн чөйрө түзүү, капитандар арасында лидерлик сапаттарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү жана катышуучуларга ишкердиктин жана инновациянын негизги аспектилерин үйрөтүү.