Blog Image

"Энактас КМУ" командасы “Стартап марафон” сынагына катышат

Стартап борбору "Энактас КМУ" командасынын жаңы катышуучулары үчүн экинчи тренинг уюштурду. Ага университеттин илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева катышып, командага жаңы идеяларды жана чыгармачылык ийгиликтерди каалады. Бүгүнкү тренинг жаңы мүчөлөр менен таанышууга, иш-пландарды бышыктап түзүүгө жана "Стартап марафон"сынагына катышуу үчүн инновациялык идеяларды талкуулоого багытталган.

 Белгилей кетсек, ЭНАКТАС КМУнун командасы жаңы катышуучуларды 6 топко бөлгөн.  Бүгүнкү күндө алар ЮНИСЕФтин долбоорунан берилген  "өнүгүү" сынагына катышып, университеттин “Стартап марафон” сынагына катышуу үчүн жаңы идеялардын үстүндө иштеп жатат.