Эне тил күнүнө карата «Кулалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым», - аталыштагы иш-чара болуп өттү
К.Баялинов атындагы китепканада Эне тил күнүнө карата «Кулалы таптап куш кылдым, Курама жыйып журт кылдым», - аталыштагы иш-чара болуп өттү. Ага И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунун Магистратура бөлүмүнүн координатору Динара Мырзадаирова жана магистранттар: Уулкан Толубаева жана Сымбат Богачиева, ошондой эле мектептин, жогорку окуу жайларынын окутуучулук курамы, окуучулар катышты. Иш-чараны Гүлнара Үмөтбековна ачып, ар бир тилдин орду, баалуулуктары тууралуу баяндап, белгилүү манасчы Рысбай Исаковго сөз берилди.
Рысбай Исаков: "Тилимди билген журт болсо,
Тилим менен келсин, - деп, –
Тил билбеген журт болсо,
Тилмечи жооп берсин-деп, –
Өзүмдү билген журт болсо,
Өзүмдү билип келсин-деп, –
Өзүмдү билбей калганы,
Сөзүмдү билип келсин! – деп,
Кабар салды калкына –
Калың кыргыз жалпыга - деп Манас атабыз да, көп тилдүүлүктүн мааниси тууралуу айтып өткөндүгүн Рыспай Исаков белгилеп өттү.