Blog Image

"Эне тил – улуттун уңгусу, кɵɵнɵрбɵс мурасы"

23-сентябрь күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык-педагогикалык колледжинин Педагогика бөлүмүндө Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына арналган "Эне тил – улуттун уңгусу, кɵɵнɵрбɵс мурасы" – адабий-музыкалуу кечеси өткөрүлдү.

Кечеде улут уңгусу болгон улуу тил жөнүндөгү залкар ойчулдардын, таланттуу кыргыз акын-жазуучуларынын эне тили жөнүндөгү учкул ойлору, ырлары көркөм окулуп, көрүүчүлөргө зор таасир калтырды. Улуттук баалуулуктар, кыргыз элинин байыртадан бери келе жаткан салт-санаасы тууралуу да сөз болуп, студенттер тарабынан ыр-күү менен коштолду.

Иш-чара Гуманитардык-педагогикалык колледжинин Педагогика бөлүмү тарабынан уюштурулду.