Blog Image

Енгхун – Весоль стипендиясын тапшыруу аземи

2022-11-29

28-ноябрда И.Арабаев атындагы КМУнун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин жана Седжонг институтунун студенттерине Енгхун – Весоль стипендиясын тапшыруу аземи болуп өттү.

Аталган иш чарага университеттин окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу, Чыгыш Таануу жана Эл аралык мамилелер факультетинин деканы Замир Алымкулов жана Седжонг институтунун директору Сон Донг Веон катышып, куттуктоо сөз сүйлөп, студенттерге стипендияларды тапшырышты.

Енгхун – Весоль стипендиясы жалпысынан 35 студентке берилди. Акчалай сыйлыктын суммасы 100 АКШ долларын түзөт.

Енгхун – Весоль стипендиясы корей тилин үйрөнүп жаткан студенттерди, окуучуларды колдоо жана шыктандыруу максатында берилип келет.