Blog Image

EPIC долбоорунун алкагында беш күндүк тренинг болуп өттү

Lingua Innovative Education Foundation тарабынан EPIC долбоорунун алкагында беш күндүк тренинг болуп өттү. Аталган тренингге И.Арабаев атындагы КМУнун Административдик чарба иштери боюнча проректору Б. Исаев, Эл аралык бөлүмүнүн башчысы Рахат Рай кызы, Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун доценти Н. Эргешбаева катышты. EPIC долбоорунун максаты ар түрдүү аудиториялар үчүн англис тил программаларын натыйжалуу ишке ашыруу. Ошондой эле, катышуучулар тарабынан ийгиликтүү долбоордук арыздарды даярдоого көмөктөшүү болуп саналат.