Blog Image

«Epos» эл аралык илимий журналынын ачылыш аземи

2022-12-15

И.Арабаев атындагы КМУнун илим, эл аралык коммуникациялар жана инновациялар боюнча проректору филология илимдеринин доктору, профессор Айсулу Бейшенова бүгүн Улуттук “Манас” академиясында өткөн “Эпос” эл аралык илимий журналынын ачылыш аземине катышты.

Белгилей кетсек, журнал Россиянын РИНЦ тизмесине, "DOI" жана "E-LIBRARY" каталогу сыяктуу дүйнөлүк илимий электрондук китепканалардын тизмесине киргизилген.

Журналдын биринчи санында Кытайдын, Нидерланд Королдугунун, Россия Федерациясынын Башкортостан Республикасынын, Россия Федерациясынын Алтай Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү окумуштууларынын макалалары жарык көргөн.

Журналда фольклор, тил илими, адабият таануу, философия, антропология, тарых тармагындагы илимий макалалар кыргыз, орус жана англис тилдеринде басылып турат.

Фольклор, эпос таануу сыяктуу тармактарга өзгөчө көңүл бурулат.