ТСУББИнин студенттери ЫМУда өткөн Ысык-Кѳл облусундагы саясий репрессиянын курмандыктары жөнүндө “Эскерүү китебинин” бет ачарына катышты
24-апрель күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы ТСУББИнин доценти Салтанат Асекова жана тарых илимдеринин кандидаты Болот Абдрахманов биргеликте иштеп чыккан Ысык-Кѳл облусундагы саясий репрессиянын курмандыктары жөнүндө “Эскерүү китебинин” бет ачары К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде өттү. Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдык мааракесинин алкагында уюштурулган. Иш-чарага Э.Ж.Маанаев атындагы ТСУББИнин студенттери катышты.