Blog Image

Филология илимдеринин доктору, профессор Ж.Орозобекова мамлекеттик тилдин абалы жөнүндө конок-лекция өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде ар жуманын экинчи күнү өтө турган курам жетекчилеринин жыйынына Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасынын орун басары филология илимдеринин доктору, профессор Жылдыз Орозобекова келип конок-лекция өттү. 

Лекцияда Жылдыз Орозобекова Конституциялык мыйзамдын мааниси жана билим берүү тармактары боюнча мамлекеттик тилдин абалы, иш кагаздарды мамлекеттик тилге которуу жана түп нуска боюнча маалыматтарды айтып, терминология жана ономастикага кайрылып, университеттеги окумуштуулар курамын адистиктер боюнча термин маселеси менен иштешүүгө чакырды.

Ал эми ректор Айгүл Абдраева окуу жайдын жалпы жамааты Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы менен тыгыз байланышта болуп, И.Арабаев атындагы КМУ мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жаткандыгын баса белгиледи.
Жыйындын соңунда жер-суунун аталыштары, бала бакчалардагы мамлекеттик тилдин абалы, жетекчилердин мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча суроолор берилип, кызуу талкуу болду.