Blog Image

Филология илимдеринин кандидаты Клара Солтобаева “Көркөм чыгарманы мектепте талдоо” аталышында ачык сабак өттү

18-апрель күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунда филология илимдеринин кандидаты Клара Солтобаева “Көркөм чыгарманы мектепте талдоо” дисциплинасынан “Көркөм чыгарманын идеясын жана темасын окуучуларга ачып берүү” аталышында ачык сабак өттү. Ачык сабактын жүрүшүндө көркөм чыгарманы талдоодо инновациялык метод жана ыкмаларды колдонуу, көркөм чыгарманы талдоодо интернет булактарынан маалыматтарды пайдалануу,чыгармада берилген ойду бүгүнкү күн менен байланыштыруу, салыштыруу жана көркөм чыгарманы талдоодо аркылуу адабий-теориялык түшүнүк берүү, ошондой эле, көркөм чыгарма жазуунун сырларын үйрөтүү жолдору боюнча маалымат берилди. Ачык сабакка окуу жайдын окутуучулары жана студенттери катышты.