Физика-математика факультетинде “Улуулар баскан улуу жолду урпактар дайым эскерет” аталышында иш-чара өттү
14-май күнү И.Арабаев атындагы КМУда “Улуулар баскан улуу жолду урпактар дайым эскерет” аталышында эскерүү кечеси өттү. Иш-чарага КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу жана коомдук ишмер Р.Айтматова катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө илимге өмүрүн арнаган илимпоздор, профессор Асанбек Айылчиев, Эл агартуунун отличниги Шаршенакун Майлиев, доцент Абыкай Искендеров, профессордун милдетин аткаруучу Жамыйла Ыбыкеева жана 20 дан ашык методикалык колдонмолордун автору Ырысбүбү Кыдырова эскерилди.
Иш-чара И.Арабаев атындагы КМУнун Физика-математика факультетинин Математика жана аны окутуунун технологиялары кафедрасы тарабынан уюштурулган. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерди ар тараптуу өнүктүрүү максатында “Автордук ыр жазуу” сынагы жарыяланган. Иш-чаранын жыйынтыгында грамота жана кызыктыруучу белектер тапшырылды.