Blog Image

Гүлжигит Сооронкулов эл аралык вебинарга катышты

20-апрелде “А. С. Пушкиндин "Руслан жана Людмила" ыр-жомогундагы «Көзгө көрүнбөгөн тюркизмдер жөнүндө»” аттуу вебинар болуп өттү.

Улуу акындын чыгармачылыгы эки кылымга жакын убакыттан бери изилдөөчүлөрдүн көңүлүн буруп келет.

Бул иш-чарада Олжас Сулейменовдун айтымында образдуу айтылган “көзгө көрүнбөгөн тюркизмдерди”, б.а. көрсөтүүгө жана мүнөздөөгө аракет жасалган. А.С.Пушкиндин «Руслан жана Людмила» аттуу сыйкырдуу-фантастикалык поэмасында изилдөөчүлөрдүн көңүлүнөн четтеп калгандай «жашыруун» камтылган чыгыштын ошол ыктымал элементтери бар сыяктуу.

Лекция менен филология илимдеринин доктору жана педагогика илимдеринин кандидаты, котормочу, Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин орус тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, КМШдагы көп жылдык тарыхы бар "Орус тили жана адабияты Кыргызстандын мектептеринде" илимий-методикалык журналдын башкы редактору Соронкулов Гулжигит Умарович катышты.

Вебинарды филология илимдеринин доктору, Пушкин атындагы институттун дүйнөлүк адабият кафедрасынын профессору Леонов Иван Сергеевич алып барды. Онлайн цикл «А.С. Пушкин жана адабият классикасынын феномени” ар бир бейшемби күнү Пушкин институтунун онлайн платформаларында ишке ашырылат.