Blog Image

География адистигинин 3-курсунун студенттеринин кесиптик-базалык педагогикалык практикасынын конференциясы болду

Бүгүн, И. Арабаев атындагы КМУнун География, экология жана туризм факультетинин, География жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын география адистигинин 3-курсунун студенттеринин кесиптик-базалык педагогикалык практикасынын конференциясы өттү.  Ага факультеттин деканы   Темирбек Чодураев жана анын орун басары Руслан Акматов кафедра башчысы Дамира Солпуева, университеттин практика жетекчиси Нурпаис Баястанов жана кафедранын  окутуучулары катышты.

Практиканын уюштурулушу, жүрүшү боюнча методист Нуржан Мамбетова отчет берди. Ал эми студент ϴмүрбай Тилекбаев практика учурунда өткөн сабагынан «Африка материги» боюнча фрагмент көрсөтүп, берилген суроолорго жооп берди. Дагы бир студент Нурбек Олимов тарбия сабагы боюнча «Тил улуттун жүзү» деген темада видео сабак көрсөттү.