География, экология жана туризм факультетинин деканынын орун басары Акматов Руслан Тынымсейитович география илимдеринин доктору илимий даражасын алды
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин География, экология жана туризм факультетинин деканынын орун басары Акматов Руслан Тынымсейитович Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясынын 2023-жылдын 2- мартында чыккан чечими менен география илимдеринин доктору илимий даражасын алды.
Акматов Руслан Тынымсейитович Кыргызстандагы суу сактагычтарды комплекстүү изилдеген алгачкы окумуштуу, жана бул багытта "Кыргызстандагы ири суу сактагычтардын геоэкологиялык таасирлери" деген темада докторлук диссертациясын ийгиликтүү жактаган. И.Арабаев атындагы КМУда Методикалык жана илимий-изилдөө иштерин автивдүү жүргүзүп келет.
Жалпы жарык көргөн эмгектери: 5 окуу-усулдук комплекс, 3 монография, 1 илимий популярдуу эмгек, орто мектептери үчүн 1 окуу китеби, 48 илимий макала, Анын ичинде Scopus системасына кирген басылмаларда 4 илимий макала, индекстелген РИНЦ системасына кирген басылмаларда 22 илимий макаласы жарыяланган.
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жалпы жамааты Руслан Акматовду география илимдеринин доктору илимий даражасын алгандыгы менен куттуктап, илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүндө мындан аркы ийгиликтерди каалайт.