Blog Image

География илимдеринин доктору, профессор Р.Акматов КРнын илимдин мыктысы төш белгиси менен сыйланды

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун география жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын профессору, география илимдеринин доктору Руслан Акматов Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Илимдин мыктысы” төш белгиси менен сыйланды.

Университеттин профессордук-окутуучулар курамы Руслан Тынымсеитовичти сыйлыгы менен куттуктап, бекем ден соолук жана иштерине ийгиликтерди каалайт!