Blog Image

"Материктердин жана океандардын географиясы" темасындагы география китебинин бет ачары

И.Арабаев атындагы КМУнун География, экология жана туризм факультетинде орто мектептердин 7-класстары үчүн кайрадан басылып чыккан "География материков и океанов" темасындагы география китебинин бет ачары болду.
Бет ачарда китептин авторлорунун бири, география илимдеринин кандидаты  Руслан Акматов Бишкек шаарындагы №5 мектеп-гимназиясынын 7-классынын окуучуларынын катышуусунда Африканын физикалык географиясы жана изилдөө тарыхы деген темада ачык сабак өткөрдү.
Аталган китеп окуучуларга материктердин жана океандардын географиялык абалын, табиятын (рельефи, геологиялык өнүгүү тарыхы, кен-байлыктары, климаты, ички суулары, топурак кыртышы, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү), өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык абалын, чарбасын жана экологиясын окутуп үйрөтөт.
Мурдагы басылыштан өзгөчөлүгү: ар бир параграф "Эсиңерге түшүргүлө!" рубрикасынан башталат. Ал жаңы теманы өтүүгө негиз болгон мурда өтүлгөн материалды кайталоого мүмкүндүк берет; параграфтын негизги текстинен кийин "Муну билүү маанилүү!" рубрикасы берилет. Ал өтүлгөн теманын маанилүү корутундуларын камтыйт; "Муну билүү кызыктуу!" рубрикасы окуучуларга окулуп жаткан табигый процесстерди жана фактылар жөнүндө кызыктуу маалыматтарды билүүгө шарт түзөт; ар бир параграфта негизги географиялык түшүнүктөр өзүнчө түс жана шрифт менен көрсөтүлгөн. Бул рубрика "Эстеп калгыла!" деп аталып, терминдердин кыскача түшүндүрмөсү берилет: ар бир параграф "Өзүңдү текшер!" рубрикасы менен аяктайт. Анда окуучу өз алдынча билимин текшерүү үчүн түрдүү деңгээлдеги суроолор жана тапшырмалар камтылган.
Китептин авторлору:
Р.Т. Акматов;
К.К. Джунушалиева;
Б.Р. Дуйшенкулова;
Л.В. Кочелева;
Ш.А. Аширбекова.