Blog Image

ГПКда “Биздин чебер колдор” аталышында мастер-класс өттү

И.Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык-педагогикалык колледжинде “Мектепке чейинки жана коррекциялык билим берүү” бөлүмүнүн окутуучусу Г.Жаныбекова тарабынан “Мектепке чейинки билим берүү” адистигинин 2-курсунун студенттери менен биргеликте “Биздин чебер колдор” аталышында көркөм өнөр чыгармачылык боюнча мастер-класс өттү. Мастер-класска Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу №112 “Балдарды өнүктүрүү борбору” Мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиялануучу балдары катышты. Мастер-класстын жүрүшүндө студенттер атайын борборлорду уюштуруп балдар менен көркөм өнөр чыгармачылык (сүрөт тартуу, майда моториканы өнүктүрүү, түстүү кагаздар менен иштөө) боюнча иш алып барышты. Иш-чаранын жыйынтыгында музыканын коштоосунда балдар менен кыймылдуу көнүгүүлөр аткарылып, балдарга таттуулар таратылды.