Blog Image

ГПКнын окутуучулары “Келечекти ойлоо: КРнын билим берүү системасында инклюзивдүү көп тилдүү чөйрөнү өнүктүрүү” улуттук форумуна катышты

Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык-педагогикалык колледжинин директору п.и.к. Токтобүбү Ашымбаева, "Мектепке чейинки жана коррекциялык билим берүү" бөлүмүнүн башчысы Гүлшайыр Жаныбекова, "Педагогика" бөлүмүнүн башчысы Аида Молдалиева “Келечекти ойлоо: Кыргыз Республикасынын Билим берүү системасында инклюзивдүү көп тилдүү чөйрөнү өнүктүрүү” улуттук форумуна катышышты. Форумдун катышуучуларына ЕККУнун жогорку комиссарынын улуттук азчылыктар иштери боюнча кеңсесинин директору элчи Марек Щигельдин видео кайрылды жана Лондон университетинин, Монголиянын билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Форумдун жүрүшүндө 2025-2030-жылдарга Кыргызстанда көп тилдүү билим берүү программасын пландаштыруу боюнча ой-пикирлер, сунуштар талкууланды.

Иш-чара А. Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасында өттү.