Blog Image

ГПКнын студенттери үчүн окутуучу Г.Акматалиева “Биз ар тараптуубуз, бирок ынтымактуубуз” аттуу семинар-тренинг өткөрдү

И.Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык-педагогикалык колледжинин Мектепке чейинки жана коррекциялык билим берүү кафедрасынын окутуучусу Г.К. Акматалиева Мектепке чейинки билим берүү боюнча он күндүктүн алкагында «Мектепке чейинки билим берүү» адистигинин студенттери үчүн «Биз ар тараптуубуз, бирок ынтымактуубуз» семинар-тренингин өткөрдү.

Семинардын максаты – студенттердин ортосунда достук мамилени калыптандыруу, өзүнө жана башкаларга карата позитивдүү мамилени калыптандыруу. Семинардын жүрүшүндө оюндар, топтук иштер, студенттер менен баарлашуулар өткөрүлдү.