Blog Image

ГПКнын студенттери «Мектепке чейинки балдардын когнитивдик функцияларын өнүктүрүүдө оюн технологияларын колдонуу» аталышындагы студенттик илимий конференцияга катышты

И.Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык-педагогикалык колледжинин Мектепке чейинки билим берүү адистигинин студенттери «Мектепке чейинки балдардын когнитивдик функцияларын өнүктүрүүдө оюн технологияларын колдонуу» аталышындагы студенттик илимий конференцияга катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө ДО-11-22 группасынын студенти Элнура Гаппарова «Балдардын жөнөкөй математикалык түшүнүктөрүн калыптандырууда дидактикалык оюндардын ролу» аталышында доклад окуп, «Мыкты доклад» номинациясы боюнча I орунду ээледи, ДО-11-23 группасынын студенти Арслана Доолоткелди кызы «Мектепке чейинки балдардын оюн ишмердүүлүгү» темасында доклад окуп, «Оюн технологиясын мыкты практикалык колдонуу» номинациясы боюнча III орунга ээ болсо, ДО-12-22 группасынын студенти Сайкал Алиева “Эффективность симуляторов реальных ситуаций для развития практических навыков и логического мышления у детей 5 лет» темасында доклад окуп, «Мыкты доклад» номинациясы боюнча III орунга ээледи. Студенттерди Мектепке чейинки жана коррекциялык билим берүү бөлүмүнүн окутуучулары Г. Акматалиева, Г. Жаныбекова Т. Данияр кызы жетектеп барган. Конференция Борбордук Азиядагы Эл аралык университетинин Гуманитардык-техникалык колледжи тарабынан уюштурулган.