Blog Image

Гуманитардык билимдер факультетинде эл аралык илимий-практикалык конференция өттү

Бүгүн, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Психология кафедрасында “Адамдын психологиялык ден соолугунда илимдин жана билим берүүнүн актуалдуулугу” темасында эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Аталган иш-чара Красноярск мамлекеттик агрардык университетинин Ачинск филиалы менен биргеликте уюштурулган. Ага Кыргызстан, Россия, Өзбекстан өлкөлөрүнүн белгилүү психологдору катышты. Конференцияны университеттин окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу сөз сүйлөп, ачып берди. Анын жүрүшүндө психологиялык ден соолукту камсыздоочу факторлор, шарттар, инсандык мүмкүнчүлүктөр талкууланды.

Конференциядагы пленардык отурумда 15 доклад окулду. Анда И.Арабаев атындагы КМУ, Красноярск мамлекеттик агрардык университетинин Ачинск филиалы, К.Карасаев атындагы БМУ, Низами атындагы Ташкент мамлекеттик педагогикалык университети, Кыргыз-Түрк “Манас” университети, Ж. Баласагын атындагы КУУ, Б.Ельцин атындагы КРСУ, Кыргыз-Россия билим берүү академиясы, ОшМУ жогорку окуу жайларынын окумуштуулары “Адамдын психологиялык ден-соолугунда илимдин жана билим берүүнүн актуалдуулугу” темасына байланыштуу кызыктуу ойлорун ортого салышты.

Быйыл, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Психология кафедрасынын түптөлгөнүнө туура 20 жыл болду. Бүгүнкү конференцияга окуу жайды бүтүргөн сыймыктуу бүтүрүүчүлөр катышты. Алар өздөрүнүн студенттик күндөрүн эстеп, алган билимдеринин артынан алгылыктуу иштеп жаткандарын айтышты.

Адистерди окутуп чыгаруучу психологиянын жалпы жана колдонмо дисциплиналар кафедрасынын калыптануу тарыхы боюнча презентация көрсөтүлүп, психолог-студенттер өздөрүнүн көркөм өнөрлөрүн тартуулашты.