Blog Image

Гуманитардык-педагогикалык колледждин студенттери спорттук мелдеште мыкты натыйжаларды көрсөттү

20-февралда И.Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык-педагогикалык колледжинин студенттери «ДСК» спорт комплексинде өткөн Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата спорттук мелдештерге катышты. Анда, “Аркан-тартыш” турнирине 5 группа жана “Кол күрөш” турнирине 11 окуучу катышты.

Иш-чаранын максаты: студенттердин ден соолугун чыңдоо, командада иштөө тажрыйбасын алуу. Мелдеште 1, 2, 3-орун алган студенттер медаль жана дипломдор менен сыйланды.

Алар, “Кол күрөш" боюнча 1-орун - Талатбек уулу Эльдар П-1-22, 2-орун - Стамбеков Арген Н-1-23, 3-орун - Абдукаюмов Ынак П1-23; «Аркан-Тартыш» боюнча 1-орун - П-1-22 группасы, 2-орун - П-1-23 группасы, 3-орун - Н-1-23 группасы.