Blog Image

Гуманитардык-педагогикалык колледжинде орус тили жана адабияты боюнча жумалык өттү

И. Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык-педагогикалык колледжинин жалпы билим берүү дисциплиналар бөлүмүнүн окутуучулары  орус тили жана адабияты боюнча жумалык өткөрүштү.
«Орус тили - турмуштун бүчүрү!» аталышындагы жумалык 1-марттан 12-мартка чейин өткөрүлгөн. Аталган жумалыктын алкагында,  студенттер үчүн орус тили боюнча сынактар уюштурулган. Ошондой эле, окутуучулар жана студенттер Ч.Айтматов атындагы орус драма театрында болуп, М.А.Булгаковдун «Мастер жана Маргарита» чыгармасынын негизинде коюлган спектаклди көрүштү. Мындан сырткары, орус тили жана адабияты боюнча мастер-класстар уюштурулган.